11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун пакети каралды.
Жыйында депутат Дастан Бекешев “КРнын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунда айрым товарларды өлкө аймагына киргизүү же чыгарууда уруксат берүүнү алып салуу жагдайларына токтолду. Андан сырткары атайын техникаларды алып келүү же чыгаруу иштери боюнча административдик кодекске дагы түзөтүү киргизүү зарылдыгын билдирди. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталган 10 мыйзам долбоорун жактырды.