Асылбек Жээнбеков Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлүн кабыл алды
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрда "демократия боюнча өнөктөш" статусунун алкагында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Тинатин Хидашелини кабыл алды. 2014-жылдын апрелинде кыргыз парламентинин "демократия боюнча өнөктөш" статусун алганы өтө маанилүү экенин белгилеген төрага бул ЕКПАнын Борбор Азия аймагында ишенимдүү өнөктөшү бардыгын жана Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Жээнбеков 2015-жылы парламенттик шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп: "Кыргызстандын калкы 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоону таза, акыйкат, демократиялык принциптерге туура келгендей өтүшүн күтүп жатат. Бул ЕКПА менен өнөктөштүктөгү негизги шарттардын бири болуп эсептелет",- деди. Жолугушууда Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүктүрүү, адам укугун коргоо жаатындагы мыйзамдуулукту жакшыртуу, жарандык сектордун ишмердүүлүгүнүн тегерегинде да пикир алышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.