Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев 11-ноябрда Москва шаарында Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушту. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, министрлер сүйлөшкөн негизги тема мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттер аралык программаны аткаруу, Кыргызстандын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жана башка колдоо көрсөтүү, мигранттардын укугун коргоо, алардын Орусия аймагындагы коопсуздугун камсыздоо маселеси болду. Кыргызстандык министр москвалык полициянын тажрыйбалары менен таанышып чыкканы кабарланды. Тактап айтканда, Турганбаев Москва ШИИБинин эксперттик-криминалистикалык борборунда, "02" кызматында жана башка мекемелерде болду.