Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 11-ноябрда Эл аралык валюта фонду миссиясынын жетекчиси Эдвард Гемайел менен жолугушуп, анда ЭВФ менен кызматташуунун жаңы үч жылдык программасы талкууланды.
Жолугушууда карыздын туруктуу деңгээлде кармалышы, акча-кредиттик саясат, мамлекеттик башкарууну реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү, каржылык рынокту өнүктүрүү жана инвестициялык абалды жакшыртуу маселелери боюнча ЭВФ делегациясы менен мамлекеттик органдардын жетекчилери ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкууланды.
Премьер-министр жаңы программаны уюштуруу процесси ийгиликтүү өтүп жатканын билдирди. “Инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатууга жана түзүмдүк реформаларга негиз болуп бере турган сапаттуу документке жетишүү үчүн иш-чараларды улантуу зарыл",- деди Оторбаев.