Кыргызстанда 2014-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө жумушсуз деп расмий каттоодо тургандардын саны 58 300 адамды түздү. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирет. Быйылкы январь-сентябрь айларында өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 57 900 экени маалымдалган. Ал эми Калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматтын каттоосунда жумушсуз катары каттоодо тургандардын саны 92 700 экени айтылды. Кыргызстанда калктын саны учурда 5 миллион 700 миңдин тегерегинде.