Путиндин Кытай лидеринин аялына "кам көргөнү" катуу талкууланууда

Орусиянын президенти Владимир Путиндин иш-чаралардын биринде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин аялы Пэн Лиюандын жонуна плед жапканы дүйнөдө, айрыкча Кытайда катуу талкууланууда. Путиндин "камкордугу" 10-ноябрда Кытайда башталган Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинде көпчүлүктүн көңүлүн бурган окуя болду. 
Саммиттин катышуучулары дүйшөмбү күнү кечинде 2008-жылкы Олимпиада үчүн курулган стадиондо фейерверк аттыруу аземин көрүүгө келишкен. Кытай лидеринин жубайы күйөөсү Цзиньпин менен Путиндин ортосунан орун алган. Кечкисин аба ырайы суук болгондуктан, Кытай лидери Си Цзиньпин АКШ президенти Барак Обама менен сүйлөшүп жаткан учурда Путин ордунан туруп, Кытайдын биринчи канайымынын үстүнө өзүнүн пледин жапты. Кытай лидеринин аялы Путиндин бул аракетин алгач урматтоо катары кабыл алып, бирок көп өтпөй пледди жонунан түшүрүп, жан сакчысынан күрмөсүн сураганын чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 
Мындай нерсе кытайлык айымдарды катуу нааразы кылганы айтылууда. Алардын пикиринде, айымдарга бөтөн бирөөлөрдүн (айрыкча чет элдиктердин) кол тийгизүүсү айрыкча дипломатия чөйрөсүндө туура эмес жана жагымсыз көрүнүш. Путиндин "кам көрүүсүн" алар оройлук деп баалашууда. 
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин ордунда ким болсо да ушундай кылмагын айтат. "Салтпы, салт эмеспи, аялбы, аял эмеспи, суук баарына бирдей. Президенттин аракети бардык адам жасай турган нормалдуу көрүнүш. Айтылып жаткан сындардын баары - керексиз дискуссиялар, абсурд",- деди Песков. 
Орусия лидеринин мындай жоругун батыш басылмалары да катуу сындашты. Путин бир учурда дипломатиялык этиканын бир нече эрежесин бузганын: мамлекет башчынын аялына кол тийгизгенин жана коомчулук алдында өтө мээримдүү көрүнгүсү келгенин жарыялашууда алар. 
Путиндин Кытай лидеринин аялына "кам көргөнү" катуу талкууланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан