Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжоу Ли баштаган делегация бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапар алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар күтүлүүдө. Делегация КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушмакчы.
Кытайлык делегация айрым өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан соң Ош облусунда болуп, өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев менен да кезигишет. КСДП фракциясынын чакыруусу менен келген делегация Кыргызстанда 16-ноябрга чейин болот.