Парламент Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз улуттук университети ысымын алып жүргөн улуу ойчул, илимпоз жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө боюнча мааракелик иш-чараны уюштуруу жана белгилөө тууралуу токтом долбоору каралды.

Баяндама жасаган депутат Каныбек Осмоналиев ЮНЕСКОнун эгидасы астында Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө маселеси каралганы жатканын маалымдап: “Биз бул чыгаан инсанды улуттук баалуулуктардын катарында улуу рухий мурас катары таануубуз кажет”,- деди ал. 

Талкуунун соңунда көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен сунушталган Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан