Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ири энергетикалык объектилердин курулушу түшө турган жерлерге мораторий талаптарын колдонбоо демилгеси каралды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзам долбоору өкмөт тарабынан өлкө аймагында курула турган ири энергетикалык объектилердин курулушуна кеңири жол ачуу, инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзүү максатында иштелип чыккан. Депутат Сайдулла Нышанов экинчи окууда мыйзам долбооруна карата кошумча сунуштар келип түшпөгөнүн билдирип, кесиптештерин колдоп коюуга чакырды. Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти.