Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев "Парламент" радиосунун 12-ноябрдагы түз эфиринде "Бажы биримдигине кирсе эле Кыргызстандын эти менен сүтү сыртка эч тоскоолдуксуз экспорттолуп калат деген сөз жалган" деп билдирди. Бажы биримдигине кирүү менен экономикалык кызматташуунун саясий жагы гана чечилери, бирок башка талаптар мурункудай бойдон каларын айтат депутат. "Чек арадан товар өткөрүүдөгү эпизоотикалык, санитардык жана башка талаптар алынбайт. Биз товарыбыз таза экенин далилдеп берсек гана сыртка чыгат. Азырынча бизде азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория, заман талабына жооп берген эт комбинаттары жок. Малды паспорттоштуруу иштери чечиле элек. Буларды чечмейинче биздин товарды эч ким албайт",- дейт Узакбаев.