Алмазбек Атамбаев СССРдин Баатыры Талгат Бегельдиновдун дүйнө салганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-ноябрда Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талгат Бегельдиновдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. "Сиздердин үй-бүлөдөгү чоң кайгыны чын дилден бөлүшөм. Жеке өзүмдүн жана Кыргызстандын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алууңуздарды өтүнөм. Биз оор жоготууга учурадык - Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Бегельдинов Талгат Якубекович 93 жаш курагында дүйнө салды",- деп айтылат президенттин телеграммасында.  
Алмазбек Атамбаев баатырдын мекенге берилип кызмат кылганын, жигиттик эрдиктерин белгилеп, анын элеси көпчүлүктүн жүрөгүндө дайыма сактала турганын билдирди. 
Эскерте кетсек, Талгат Бегельдинов 10-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында көз жумду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан