Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 12-ноябрда Ирандын Мазендеран провинциясынын губернатору Рабии Фаллах Желодар жетекчилик кылган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда биринчи вице-премьер айыл чарба, кайра иштүү өнөр жайы, кен иштетүү жана туризм тармагын инвестициялоону иран тарапка сунуштады. "Биздин өлкөлөр ортосунда дээрлик экономиканын бардык тармактарында пайдаланылбаган чоң мүмкүндүктөр жатат. Өкмөт Кыргызстан аймактарынын Иран провинциялары менен соода-экономикалык кызматташуусунун активдешүүсүнө жана тереңдешине кызыкдар. Тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөлөр ортосундагы аймактык кызматташуулар натыйжалуу",- деди Сарпашев.
Рабии Фаллах Желодар Ирандын президенти Хасан Роухани өзүнүн алгачкы ирет чет мамлекетке жасаган сапарын Кыргызстандан баштаганын айтуу менен буларды билдирди:
"Мазендеран провинциясы Кыргызстандын аймактары менен иштиктүү шериктештик мамилесин түзүүгө кызыкдар. Алсак, Ысык-Көл облусу менен кызматташууну өнүктүрүүгө карата кызыгуу бар. Мазендеран – Ирандын туристтер байма-бай каттаган аймагы. Ошондой эле провинция айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча лидер болуп саналат жана анда 30 миңден ашуун инженерлер катталган".