Эльвира Сариева электрондук окуу китептеринин базасын түзүү тууралуу пикирин айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 12-ноябрда электрондук окуу китептер базасын түзүү үчүн редактордун бет ачарына катышты. Вице-премьер белгилегендей, Билим берүү жана илим министрлиги басма түрүндөгү окуу китептерди чыгаруу менен бирге акчанын жоктугунан улам ачык түрдөгү электрондук окуу китептердин версиясын ишке киргизүүнү аткарууда.

“Алгачкы электрондук китеп 7-класстар үчүн "Кыргыз тили" окуу китеби аталып, ал электрондук окуу китептерин түзүүгө карата чоң кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз мектептерге окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүнүн негизин түзүүбүз керек, ал эми электрондук китептерди түзүү үчүн редактор ачык электрондук окуу китептер базасын түзүүгө өбөлгө түзөт",- деди Сариева.

Быйылкы жылдан баштап бардык жаңы мектептик окуу китептерине карата автордук укук мамлекетке тийиштүү эсептелип, окуучулар китептерди ачык түрдө пайдалана алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан