Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште спикер Асылбек Жээнбеков менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору добуш берүүдөн өтпөй калгандан кийин Асылбек Жээнбековго кайрылып буларды айтты: “Мен азыр добуш берүүнүн тизмесин алдым. Депутаттар башка кесиптештери үчүн дагы добуш берип жатышат. Депутаттар чиптерин жыйынга таштап кетишүүдө. Бул тамаша эмес. Мен мусулманмын, сиз дагы мусулмансыз. Көзү азиз адамды алдабай, чынын айтыңызчы, жыйында канча депутат отурат? Мага санап бериңизчи?”
Депутаттын сөзүнөн кийин спикер: “Мыйзамың өтпөй калса эле мусуманчылыкты аралаштырып ар кайсыны айта бербе. Эми мен залды кыдырып депутаттарды санап берейинби? Мени депутат санаткан деңгээлге азырынча өсүп жете элексиң, мага тийишпе”,- деп жооп кайтарды. Жыйын аяктагандан кийин спикер депутатка бул маселенин чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды.