Бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өттү. Премьер-министр аталган биримдикке кошулуудагы келишимдин ар бир пунктун дыкат карап чыгуу керектигин белгиледи.
“Бардык документтерди сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Биз Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарына карама-каршылыктар келип чыгуусуна жол бербешибиз керек. Бардык процедуралар сакталып, тактап айтканда, келишим долбоору кеңири коомдук талкууга алынышы керек",- деди өкмөт башчы.
Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу баяндама жасады. “Келишим долбоорун талкуулоо үчүн иштиктүү топ түзүлгөн. Орусиянын жана Казакстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкерлер чөйрөсү жана бизнес-түзүм өкүлдөрү менен талкуулар өткөрүлгөн",- деп белгиледи министр.
Оторбаев декабрь айынын соңуна чейин ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктап, келишимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна сунуштоо зарыл экенин кошумчалады.