Абдырахман Маматалиев: "Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери натыйжа бербей жатат"

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жыйынтыксыз болууда. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 12-ноябрда өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйынында билдирди. "Акыркы айда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын саны өстү. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин эстен чыгарбаш керек. Мындай шартта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана көзөмөлдөө үчүн заманбап техникалык каражаттарды жайылтуу зарыл",- деди Маматалиев. 
Комиссиянын мүчөлөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 143-чакырымында быйыл 7-ноябрда болгон автокырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулашты. 
Мындан тышкары 16-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза тапкандарды эскерүү күнүнө карата өлкөдө жол кыймылынын коопсуздугун пропагандалоо үчүн маалыматтык иш-чараларды уюштуруу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан