Кыргызстанда 1-январга карата 1 миллион жарандын биометрикалык маалыматын топтоо тапшырмасы берилди

Өкмөттө 12-ноябрда калктын биометрикалык маалыматын чогултуу иши боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикованын айтымында, биометрикалык маалымат жыйноого керектүү жабдуулардын 950 топтомунун 600ү аймактарга жеткирилгенин айтып: "Ош шаарына 20 топтом, Ысык-Көл облусуна 82, Ош облусуна 110, Нарын облусуна 75, Жалал-Абад облусуна 112, Чүй облусуна 125 топтом жеткирилди. Бишкектин 4 районунда тең иштер жүрүүдө. Свердлов районунда 10, Ленин районунда 12, Биринчи Май районунда 9, Октябрь районунда 13 пункт иштеп жатат. Борбор шаарда биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 30 миңден ашты",- деп билдирди.  
Жыйынга төрагалык кылган биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат топтоого керектүү жабдуулардын баары иштеши керектигин белгиледи. "Декабрь, январь жана февраль айларында айыл жеринде жашагандардын көбүнүн маалыматын топтоого толук мүмкүн. Бул иштердин сапаттуулугу боюнча район акимдери жекече жоопкерчилик тартат. 1-январга карата 1 миллион адамдын биометрикалык маалыматтары топтолушу керек",- деди Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан