Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун дайындоонун кечигип жатышы соттук териштирүүлөргө байланыштуу. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, ректорлукка талапкер катары катталбай калган Айылчы Сарыбаев менен шайлоодо утулган Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, сотко арызданышкан.
Эскерте кетсек, аталган окуу жайдан ректорун шайлоо быйыл 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган.