Жогорку Кеңештин эксперттик тобунун өкүлүн ур-тепкиге алган айыл өкмөт башчысынын окуясы парламентте талкуу жаратты

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Ташполот Балтабаев Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын эксперттик тобу Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиевден ур-тепки жегенин айтып, бул үчүн спикер Асылбек Жээнбековду эксперттик топтон кечирим суроону талап кылды. “Айыл өкмөт башчысы эксперттик топтун өкүлдөрүн кемсинтип, ур-тепкиге алыптыр. Менин пикиримде, Кадамжай районунун акими менен айыл өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин чечимин четке кагып, кылмыш жасады. Бул боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип, бул эки адамды кызматынан убактылуу четтетип турууну суранам. Спикер катары эксперттик топтон кечирим сурап коюңуз”,- деди ал.

Мындан кийин Асылбек Жээнбеков кечирим сурабай турганын билдирип, буларды айтты: “Дароо эле төрага кечирим сурачу беле? Кечирим сурабайм. Азыр айтышпай эле коёлу, биринчи маселени териштирели”.

Депутат Курмантай Абдиев Балтабаевди эки тарапты чабыштырбоого чакырды.

“Ал жерде эки жакты беттештирип, чабыштырып коюп, эмне жардам сурап жатканыңызды түшүнгөн жокмун. Айыл өкмөттүн ордуна өзүңөр сунуш кылган адамды эксперттик топко киргизип коюпсуңар. Ал ишке тоскоолдук кылып жатыптыр. Тартипти уюштуралы деген оюңар жок. Болгону шайлоо алдында ишиңерди алдыга жылдырыш үчүн чабыштырып жатасыңар. Төралиев жакшы иштеп жүрөт, спикер экөөбүз барып көргөнбүз”,- деди депутат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан