Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бюджет долбоору боюнча баяндама жасаган каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, 2015-жылга ички дүң продукциянын номиналдуу көлөмү 442 миллиард 800 миллион сом көлөмүндө, ички дүң продукциянын өсүшүнүн иш жүзүндөгү арымы 6,2 пайыздын деңгээлинде болору болжолдонууда.