"Кыргызстан чоң сыноолордун алдында турат. Жакынкы жылдар өлкө үчүн оор болушу күтүлөт",- деди бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Анын айтымында, Кыргызстанда учурда экономикалык кризис байкалууда. "Республиканын экономикасы башка, өзгөчө коңшу мамлекеттерден көз каранды. Өлкөнүн деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. 2015-жылдын республикалык бюджетин кабыл алууда мунун баарын эске алыш керек. Учурда Европа жана Орусиянын ортосунда пикир келишпестиктер улантылууда. Орусияда болгон окуялар биздин экономикабызга чоң таасир тийгизет",- деди Оторбаев.