Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусия президентинин евразиялык интеграция маселелери боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймакка киришине тийиштүү маселелер талкууланды. Өкмөт башчы учурда кыргыз тарап аталган уюмдарга кошулуудагы милдеттерин активдүү аткарып жатканын айтат.
"Евразиялык экономикалык союзга кирүү - Кыргызстандын өкмөтүнүн негизги максаттарынын бири. Жакын арада нормативдик-укуктук актылар базасын Бажы союзу менен Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларына шайкеш келтирүү иштери бүтөт. Мындан кийин документтердин пакети ратификациялоо үчүн парламентке киргизилет",- деп билдирди Оторбаев.
Глазьев аталган биримдиктерге кошулуудагы Кыргызстандын ыкчам аракетин белгиледи. "Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар. Орусия тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берилет",- деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылдын 1-январына чейин кирүүгө аракет кылууда.