Мыктыбек Абдылдаев "Кыргызстанда азыр премьер-министр жок” дейт

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев учурда кыргыз өкмөтү жаңы форматта иштеп жатканын билдирди. Айтымында, негизги маселелер боюнча министрлер доклад жасап, депутаттардын суроолоруна премьер-министр кошумча комментарий берип турат. “Мен сиздерге айтып коюшум керек, биз акыркы 2-3 жылдан бери жаңы форматта иштеп жатабыз. Маанилүү маселелер боюнча тиешелүү министрлер доклад жасашат, мен комментарий берип турам”,- деди ал.

Мындан кийин депутат Мыктыбек Абдылдаев: “Мен бул айткандарыңыздан кийин "Кыргызстанда учурда өкмөт башчы жок экен" деген пикирге келдим. Бизде чындап эле өкмөт башчы жок, сиз комментарий берип жүрө бериңиз”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан