Депутаттар өкмөт өкүлдөрүнүн 2015-жылдын бюджети тууралуу жасаган баяндамаларын сынга алышты

Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Исмаил Исаков өкмөт мүчөлөрүнүн баяндамасына канааттанбай жатканын айтып чыкты. “Конкреттүү түрдө бул жылы Кыргызстандын экономикасы мынча пайызга өсөт же төмөндөйт деп айта албай жатасыңар. Уялбайсыңарбы ушинтип баяндама жасап, айлык алгандан? Суроо бердиртпей, так-так айтып койсоңор бизде да суроо жок, тарап кетмекпиз”,- деди ал.

Андан кийин депутат Нарынбек Молдобаев республикалык бюджеттин мыйзам долбоору бул жылы чийки даярдалганын айтты. “Мен 6-7 жолу республикалык бюджеттин кабыл алынышына катыштым. Бирок ушул жылдыкы өтө чийки даярдалыптыр”,- дейт депутат.

     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан