Кыргызстандагы 435 айыл өкмөтүнүн 325и дотацияда отурат

Кыргызстандагы 435 айыл өкмөтүнүн 325и дотацияда отурат. Муну парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди. Депутат премьер-министр Жоомарт Оторбаевден 2015-жылы канча айыл өкмөтү дотациядан чыгарыла турганын сурап, бирок так жооп ала алган жок. Өкмөт башчы айрым мисалдарды келтирди. "Ала-Букада алтын казуучу жаңы ишкана иштеп баштап, быйыл райондогу 2 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды. Ишкана ишке киргенден кийин жаңы жумуш орундары түзүлүп, айылдардын социалдык көйгөйлөрү чечиле баштады",- деди премьер. Жыйында республиканын 2015-жылкы бюджети талкууланууда. 
Дотация – бекер жана кайтарымсыз негизде берилген каражаттар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан