"Кыргыз көмүр" ишканасына көмүр казуучу жана ташып жеткирүүчү техника сатып алууга 50 миллион сом бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 13-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Акча бөлүүнүн максаты - көмүр өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана "Кыргыз көмүр" ишканасын жандандыруу. "Кыргыз көмүр" ишканасынын өзүнүн техникалары жок болгондуктан, буга чейин экскаватор, оор жүк ташуучу унааларды жана жүк жүктөп берүүчү техникаларды ижарага алып иштетип келген. Ижара акысына жылына 25 миллион сом кетчү",- деп билдирет өкмөт.
Бөлүнгөн акчага ишкана экскаватор, бульдозер жана жүк жүктөп берүүчү техника сатып алмакчы. Муну менен "Кара-Кече" кенинде көмүр өндүрүү күчөй турганы айтылды.