Чиновниктердин жардамчыларынын мамлекеттик кызматтарга орношуусу кыйындады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - мамлекеттик саясий кызматкерлердин жардамчыларына коюлган талаптарды күчөтүү. Мыйзамга ылайык, чиновниктердин кеңешчилери жана жардамчылары бир жыл иштегенден кийин гана башка мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кабыл алынат. Буга чейин айрым министрлер бир айда бир нече жардамчы алмаштырып, бардык жардамчыларын мамлекеттик кызматтарга орноштурууга жетишкени айтылып келген. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан