Кыргызстанда 2015-жылдын бюджетине кошумча 1 миллиард 50 миллион сом кошуу сунушталууда

Кыргызстанда 2015-жылдын бюджетине кошумча 1 миллиард 50 миллион сом кошуу сунушталууда. Муну парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Депутаттын билдиришинче, мындай чечим парламенттин тармактык комитетинин 11-ноябрындагы жыйынында кабыл алынган. “Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен жакындан иш жүргүзүп, 2015-жылдын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тууралуу өкмөт менен макулдашууга жетиштик”,- дейт депутат.

Ошентип, бюджет кирешелеринин төмөнкү түрлөрү боюнча көбөйтүлөт:

- жеке адамдардын кирешесине салык - 90 миллион 800 миң сом;

- ички өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгы - 47 миллион 500 миң сом;

- ички продукцияга акциздик салык - 67 миллион 500 миң сом жана башка көбөйтүүлөр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан