Өкмөт башчы милицияга элдин ишенимин көтөрүү зарыл экенин билдирди
Ички иштер министрлиги милицияга элдин ишенимин жогорулатууга багытталган программа иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, ИИМди реформалоо боюнча министрликтин башчысы Мелис Турганбаевдинатайын программасы бар. "Өкмөт тарабынан бул программаны ишке ашырууга акча бөлүнгөн. Мунун башкы максаты - милицияга болгон коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун күчөтүү",- деди өкмөт башчы.