Кыргызстанда 12-ноябрда “Кургак учукту жеңебиз” аттуу жаңы долбоордун ачылышы болду. Долбоордун максаты – кургак учукту жеңилдетүү жана өлкөдө дарыга туруктуу болуп калган кургак учуктун жайылышын басаңдатуу. Долбоор саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде иш жүргүзүлөрүн жана кургак учукту толугу менен амбулатордук дарылоого түрткү берерин Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду билдирет. Инфекциялык көзөмөл боюнча электрондук маалымат базасын киргизүүгө техникалык колдоо көрсөтүү, мыйзамдык базаны жана саламаттык сактоону каржылоо системин жакшыртуу жагы каралууда. Кургак учук эпидемиясын төмөндөтүүгө, республикада дарыга туруктуу кургак учуктун жайылтылышын чектөө механизмдери иштелип чыкмакчы.