Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова депутат Урмат Аманбаева тарабынан өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. Айта кетсек, буга чейин депутат Урмат Аманбаева өзүнө кылмыш ишинин козголушун иниси Бактыбек Аманбаев менен байланыштырып, "башкы прокурор Аида Салянова инимден мен аркылуу өч алгысы келип, мага кылмыш ишин козгоду" деп билдирүү тараткан жана башкы прокурор Салянованын мурунку президенттин бир тууганы Акмат Бакиевди качырууга катыштыгы бар экенин айткан. Башкы прокурор буга макул эмес. "Аманбаеванын башкы прокурор тууралуу жалган маалымат таратканына баа берилет жана ал (У.Аманбаева) мыйзам алдында жооп берет. Акмат Бакиевдин качып кетиши боюнча мага коюлуп жаткан айыптоо негизсиз",- деди Салянова.