Кылмыш иши козголгон депутат
Урмат Аманбаевага "коррупция" беренесинин тагылышы туура. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор
Аида Салянова айтып, себебин депутаттарга түшүндүрүп берди. Салянова депутат Аманбаевага байланышкан кылмыш ишинин материалдарынан мисал кылып буларды айтты:
"Урмат Аманбаева Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда бюджеттин эсебинен алынчу дары-дармектердин көлөмүн көбөйткөн. Мунун айынан мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтирилген. "Коррупция" беренесин тергөөчү койду, бирок мен муну туура деп эсептейм". Жыйында айрым депутаттар Аманбаевага кылмыш иши "алдамчылык" беренеси менен козголушу керектигин билдиришти.