Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 14-ноябрда жыйын өткөрүп, Сотторду тандоо кеңешине 4 талапкер тандайт. Мындай чечим парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында кабыл алынган. Жыйында депутаттар Сотторду тандоо кеңеши көптөн бери иштебей туруп калганын айтышып, кеңештин мүчөлөрүн бекитүүнү тездетүү керектигин билдиришкен. Буга чейин кеңештин мүчөлүгүнө 20 талапкер тандалып, 4 талапкер тандала элек болчу.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.