Кылмыш иши козголгон депутат Урмат Аманбаевага операция жасалды

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага операция жасалды. Депутаттын бир тууганы, акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин SUPER.KG порталына билдиришинче, операция Бишкекте жасалып, депутаттын жоон ичегисинин бир бөлүгү кесилди. Учурда депутат ооруканада дарыланып жатканы айтылды. 
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага жакында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан