Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 14-ноябрдагы жыйынында "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин карап жатат. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев: "Кумтөрдү" улутташтырууга тиешелүү чараларды көрүү үчүн өкмөткө 3 айлык тапшырма берилген, бирок 8 ай убакыт өттү, эч нерсе жасаган жок. Бүгүн фракция бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу үчүн чечим кабыл алып, ошол жактан карайлы”,- деп билдирди.
Жыйында бул маселе боюнча көз карандысыз эксперт Ишенбай Кадырбековдун баяндамасы угулууда.