Дыйкандарга жыл башынан бери 5 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда дыйкандар 14-ноябрда карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 5 миллиард 175 миллион 772 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну бүгүн Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Насыя 15 368 жаранга берилгени айтылды. Берилген насыяларды жумшоо багыты төмөнкүдөй:

Өсүмдүк өстүрүүгө 403 миллион 392 миң сом;

Мал чарбачылыгына 4 миллиард 074 миллион 738 миң сом;

Агроөнөржайлык кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдерине 697 миллион 642 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан