Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 14-ноябрдагы жыйынында "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин карап жатат. Жыйын жүрүшүндө фракция өкмөткө мөңгүлөргө келтирилген зыяндардын методикасын бир айда иштеп чыкпаса, тиешелүү жетекчилерди кызматтан кетирүү тапшырмасын берди. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөрдөгү” зыян тарткан мөңгүлөрдүн методикасы 20 жылдан бери иштелип чыкпай жатканына токтолду. “Биз өкмөткө канча ирет кайрылдык, методикасын иштеп чыккыла деп. 6 ай мурун да тапшырма бергенбиз. Жок дегенде Канададан деле көчүрүп алгылачы, биз бекитип берели. Бир ай убакыт беребиз, эгерде даяр болбосо, айыл чарба жана мелиорация министринин жана тиешелүү жетекчилеринин үстүнөн прокуратурага кат жазып, “шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козготобуз”,- деди ал.