Өмүрбек Текебаев "Кыргыз алтындын" жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировду кызматтан алууну талап кылууда

"Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров - кыргыздын душманы, аны тезинен кызматтан алыш керек",- деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Депутат бул тууралуу фракциянын 14-ноябрдагы жыйынында “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси каралып жатканда билдирди. Текебаев “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовго: “Кумтөрдү” улутташтырсак кандай болот, Кыргызстан кайра иштетип кете алабы?”- деп суроо берди эле, Токон Мамытов улутташтыруу боюнча программа менен азырынча тааныштыгы жок экенин айтты. 

Суроого Мамытовдун орун басары Кылычбек Шакиров жооп берди. Ал ишкананы улутташтырууга 3 миллиард доллар керектигин билдирди. Бирок улутташтырууга макул эмес.

"Центерра” менен Кыргызстандын “Кумтөр” боюнча 2003, 2009-жылдардагы келишими мыйзамсыз болгонун айта аласызбы?" деген суроого Шакиров мындай жооп кайтарды: 

“2003-жылдагы келишим канадалык ишкананын пайдасына түзүлүп калган. Бирок 2009-жылдагысы боюнча коррупциялык иштер болгон деп айтылып жатат. Тилекке каршы, биз ага далилдерди табышыбыз керек. Ал эми бул келишимдерге сиздер күнөөлүүсүздөр. Анткени “Кыргыз алтындын” тиешеси жок, парламент кабыл алып берген”.

Өмүрбек Текебаев аны "кызыл кулак" деп айыптады. “Мылжыйып жооп берип жатасыз. Биз муну өкмөткө тезинен айтып, кызматтан алдыруу керек. Бул кыргыздын душманы, канадалыктарга адвокат болуп жатат”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан