Парламенттеги "Ата Мекен" фракциянын 14-ноябрдагы жыйынында “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси каралды. Жыйында депутаттар тема боюнча көз карандысыз эксперт Ишенбай Кадырбековдун баяндамасын, министрлер менен "Кыргыз алтын" ишкансынын жетекчилеринин пикирин угуп, жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө" КРнын мыйзамынын долбоору колдоого алынсын;
2. Өкмөт канадалык ишкана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
3. "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров кызматынан алынсын;
4. "Центерра" "Кумтөрдөн" 9 тонна алтынды мыйзамсыз казып алганы боюнча изилденсин;
5. Фракциянын бул чечими өкмөткө жана парламентке жөнөтүлсүн.