Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери Кытай менен партиялар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө керектигин айтышты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов жана "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 14-ноябрда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжоу Ли баштаган делегация менен жолугушту.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин делегациясы буга чейинки Кытайдагы иш сапарында Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында курулуп жаткан партиялык түзүлүш жана жетишилген ийгиликтер менен таанышкан. "Бул эки өлкө ортосундагы жылуу мамиленин белгиси, Жогорку Кеңештин фракциялары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин аймактагы өлкөлөрдүн өнүгүшүнө түрткү бере турган Жибек Жолу экономикалык алкагын түзүү тууралуу идеясын колдойт",- деп белгиледи Турсунбеков.

Чжоу Ли Кытай Кыргызстандын бардык аракеттерине колдоо көрсөтөрүн, анын ички иштерине кийлигишпей турганын билдирди. "Теңдик менен ишеним – биздин багыт",- дейт ал. 

Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары эки өлкө ортосундагы партиялар аралык мамилелерди бекемдөө жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо пикирине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан