Бишкекке бүгүн, 14-ноябрда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада келди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал бүгүн Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолугушмакчы. Өкмөт жетекчилери эки өлкөнүн түрдүү тармактагы кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жаатында пикир алышат. Тажикстандын премьер-министри кызматка дайындалгандан бери Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келди.