Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында эксперт Ишенбай Кадырбеков "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстанда катталганын, аны улутташтыруудан кыргыз тарап анчалык деле ири зыян тартпай турганын айтты. "Кыргызстан кенди улутташтырууга барса, компенсация үчүн 1-3 миллиард доллар эмес, көп болсо 170 миллион доллар төлөйт. “Кумтөр” кенин иштетүүгө өзүбүздүн деле күчүбүз жетет",- деп билдирди Кадырбеков.
“Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Кумтөр” долбоорун, жалпы эле өлкөнүн алтын кендерин иштетүү чараларын жөнгө салуунун кыска, орто, узак мөөнөттүү программалары иштелип чыгып, өкмөт менен парламентке жөнөтүлгөнүн билдирди. “Кумтөр” кенин биз деле иштете алабыз. Бирок аны улутташтыруу жүрүмү мыйзам алкагында болушу керек. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен өкмөт чечет”,- дейт ал.