Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 14-ноябрдагы жыйынында "Кыргызстандын 2015-жылкы республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Отурумда депутат Айнуру Алтыбаева Эсептөө палатасынын маалыматтарына таянуу менен көмүскө экономиканы ачыктоо, өндүрүлбөгөн салыктарды өндүрүү маселелери тууралуу пикирин айтса, фракция лидери Феликс Кулов эң башкы маселе каражатты кайдан табууда болуп жатканына токтолуп, республикалык бюджетти толтурууда жаңы каржы булактарын издештирүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары бажы тармагындагы айрым кемчиликтерди жоюу керектигин кошумчалады. Сунушталган долбоор Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн эске алынбай түзүлгөнүн жана бул маселени фракция жакынкы жыйындарынын биринде өзүнчө карай турганын эскертип, өкмөт мүчөлөрүн даярданууга чакырды.
Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди мыйзам долбоорун 2-окуудан кароого чейин эске алуу чечими кабыл алынды.