Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында Сотторду тандоо кеңешине сунушталган 4 талапкерди карап жатат. Жыйында депутат Исмаил Исаков: “Өткөн жыйында сунушталып, бирок өтпөй калган талапкерлерди кайра эмнеге карап жатабыз?”- деди. Анын айтымында, кайра артка кайтарып, жаңы талапкерлерди караш керек. Депутат Өмүрбек Текебаев жаңы талапкерлерди алып келүүгө убакыт жоктугун айтты. Башка депутаттар бүгүн добуш бериш керек деп маселе көтөрүштү. “Талашып-тартышып эмне кылабыз, тарс-тарс добуш берип коёлу” дешти айрымдары. Бирок депутаттарда добуш берүү үчүн колдонулуучу чиптер жок болуп чыкты. Ортодо депутаттардын талашы күчөп, сүйлөшүп алуу үчүн 10 мүнөткө танаписке чыгышты.
Айта кетсек, депутаттар быйыл 1-сентябрдан бери добуштарды атайын электрондук чип аркылуу берип келишет. Ансыз добуш берүү мүмкүн эмес, компьютерлери иштебейт.