Жаңы дайындалган 4 министр 19-ноябрда Жогорку Кеңеште ант берет

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 14-ноябрда парламенттин 19-20-ноябрындагы жыйындарынын күн тартибин бекитти. 19-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште жакында кызмат орундарына дайындалган энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, ички иштер министри Мелис Турганбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ант берет. 

Андан сырткары Жогорку Кеңеш “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун кароону пландаштырууда.

Ал эми 20-ноябрда “Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сыяктуу мыйзам долбоорлору каралмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан