Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэни кабыл алды. Жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасынын Японияга болчу расмий иш сапары, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алышуу болду. "Кыргызстан япон тарап менен кызматташууга жана тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. Япон эли өзүнүн эмгекчилдиги, күжүрмөндүгү менен өнүгүүнүн таң каларлык жыйынтыгына жетти",- деди спикер.
Жогорку Кеңештин төрагасынын Японияга жасай турган расмий иш сапарына байланыштуу элчи бул иш сапар эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн маанилүү экендигин айтты. "Япония жетекчилиги Кыргызстандын учурдагы коомдук-саясий кырдаалы, өлкөдөгү парламенттик демократиянын өнүгүүсү туурасында сиздин расмий иш сапарыңыздын жүрүшүндө кенен маалымат аларына биз ишенебиз",- деди элчи.