Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, премьер-министрлер эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылууда биргелешип аракет кылуу, мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация иштери боюнча иштеп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын ишин күчөтүү жана башка орчундуу делген маселелерди талкуулашты. Соода жана маданий алаканы бекемдөө маселеси да өкмөт башчылар сүйлөшүү жүргүзгөн негизги темалардан болгону айтылды.
Айта кетсек, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада Бишкекке Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин чакыруусу менен келген.