Бүгүн, 14-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана соода маселеси боюнча коллегия мүчөлөрү Валерия Корешкованы жана Андрей Слепневди кабыл алды. Өкмөт башчы коллегия мүчөлөрүн өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алкагында көрсөтүлүп жаткан методикалык жана консультациялык көмөк көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди.
“Евразия экономикалык комиссия чоң иштерди аткарды. Сиздердин адистер тарабынан министрлик жана ведомство кызматкерлерин окутуу үчүн баалуу жардам көрсөтүлдү. Кыргызстан өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууда жогорку темпти алды",- деп билдирди премьер-министр.
Оторбаев кыргыз өкмөтү тарабынан республиканын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө келишим долбоору макулдашуу процессинен өтүп жатканын маалымдады.