Тажикстандын өкмөт башчысы: "Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өз ара түшүнүшүүгө келдик"

Бишкекте 14-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусу өттү. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада сүйлөшүү жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы мамиле ар дайым кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулгандыгы менен өзгөчөлөнүп жатканын белгиледи.

“Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тараптардын өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө карата жогору маани берерин көрсөттү. Биз бардык маселелер боюнча, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессине тийиштүү маселелер боюнча да өз ара түшүнүшүүгө келдик. Менин ишенимимде, комплекстүү мамиле гана биздин өлкөлөр ортосусундагы кызматташууга тең салмактуу мүнөз бере алат”,- деди Кохир Расулзода.

Айта кетсек, жолугушуу аягында Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, анда Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан