Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-ноябрда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда саясий түшүнбөстүктөр жок экенин билдирди.
"Биз өлкөлөр ортосундагы кызматташууну кеңейтишибиз зарыл, анткени көптөгөн пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр бар. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзгөчө басым чектеш аймактардын кызматташуусун өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жана маданий-гуманитардык байланышты кеңейтүү маселелерине жасалды",- деди Оторбаев.
Өкмөт башчы 8-ноябрда Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилери ортосунда 3 жылдык кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлганын кошумчалады.
“Бул чектеш аймактардын кызматташуусунун жакшы үлгүсү. Эки бир тууган эл достукта жана тынчтыкта жашоосу керек, ал эми талаштуу маселелер сүйлөшүү аркылуу чечилиши зарыл",- деп билдирди премьер.